Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 08:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кийимиң канчалык кымбат болсо, жандүйнөң ошончолук жардыланат

05.09.2024 11:32
284
Кийимиң канчалык кымбат болсо, жандүйнөң ошончолук жардыланат


Кедей болгондон уялып, бирок бетпак болгондон уялбаган өлкөдө жашаган кандай жаман...

(Михаил Задорнов)


Байлар менен кедейлер эски категория, келесоолор менен акылдуулар болсо түбөлүк категория.

(Александр Вампилов)


Күлө алган киши жарды эмес.

(Альфред Хичкок)


Кыз сүйүп, бирок чөнтөгүңдө акчаң болбосо кандай арман!

(Эрих Мария Ремарк)


Мен акчасы бар кедей адам болуп жашагым келет.

(Пабло Пиккасо)


Мен байлар болгонуна каршы эмесмин, кедейлер болгонуна каршымын.

(Владимир Познер)


Жардыга жардам берсе болот, бирок ачкөзгө жардам бериш кыйын.

(Мишель де Монтень)


Акчасы аз киши кедей эмес, көптү эңсеген киши кедей.

(Луций Анней Сенека)


Колунда барын пайдалана албаган киши – эң кедей киши.

(Пьер Буаст)


Жакырланган кишинин достору да кескин азаят.

(Америка накылы)


Эч качан кедей болгондон коркпо!

(Луций Анней Сенека)


Байлыктын сыноосу кедейликтин сыноосуна караганда да оор болот.

(Петр Тодоровский)


Эң ачкөз адам – эң жарды адам.

(Луций Анней Сенека)


Кедей даанышмандык көп учурда бай келесоолуктун кулу болот.

(Уильям Шекспир)


Кедейлердин эрки күчтүү болот. Жарды болуп туулсаң аргасыздан күчтүү болгонго туура келет.

(“Убийца Акаде” тасмасынан)


Кедейлик – турмуштун эң сонун мектеби.

(Решад Нури Гюнтекин)


Төрт нерсени көпкө жашырууга болбойт: акылды, келесоолукту, байлыкты жана кедейликти.

(Абу Абдуллах аль-Куртуби)


Кедейликтин эң жаман жагы – ал калп айтканга аргасыз кылат.

(Габриэль Гарсиа Маркес)


Жарды ачкалыктан өлсө, бай коркуудан өлөт.

(Ассирия накылы)


Кедейлик уят эмес, бирок кедейликтен намыстанган уят.

(Англис накылы)


Адамдардын баары бай болот. Кедейлерден башкасы.

(Король Каин XVIII)


Жардылыктан өлүмдүн жыты келип турат.

(Зора Херстон)


Байлык кедейликтен каржылык көз караштан алганда гана айырмаланат.

(Вуди Аллен)


Күн – кедейлердин алтыны.

(Натали Клиффорд Барни)


Байлардын бейиши кедейлердин тозогунан курулган.

(Виктор Гюго)


Көп кишини дал кедейлик байлыкка жеткирген.

(Мухаммад Окар)


Кедейлик адамдардын убактысын уурдайт.

(Тони Парсонс)


Жардылык скрипкада ойногонго да үйрөтөт.

(Немис накылы)


Жардыга жарды өлүм келет.

(Азербайжан накылы)


Кимдир бирөө биринчи класс болгусу келсе, кимдир бирөө бизнес-класс болгусу келет. Бирок, самолет куласа, баары өлөт.

(Канье Уэст)


Куник киши болбойт, кедей кишилер гана бар.

(Маргарита Симонян)


Жардылык бухгалтердик эсепти жөнөкөйлөштүрөт.

(Эдит Уортон)


Өзүң кедей болсоң, кайдагы назиктик?..

(Александр Островский)


Турмуш кедейлерге өтө эле ташбоор.

(Хисон Нам)


Жарды болсоң көп нерсеге муктажсың, ачкөз болсоң бардыгына муктажсың

(Италия накылы)


Жарды орозону календарды карабай эле кармай берет.

(Еврей накылы)


Ички жардылык акыр-аягында сырткы жардылыкка алып келет.

(Артур Шопенгауэр)


Жарды жашаган уят эмес, балит жашаган уят.

(Армян накылы)


Кудай кедейлерди кымбат күнөөлөрдөн сактайт.

(Еврей накылы)


Миллионерлер пилдерге аңчылык кылса, жардылар чымын-чиркейлерге аңчылык кылышат.

(Дон-Аминадо)


Адам айбанга айланган жерде кедейлик башталат.

(Айшек Норам)


Эмгек акы – кулчулуктун жаңы формасы.

(Эмиль Золя)


Арам жол менен байыгандан көрө, жарды болгон жакшы.

(Орус накылы)


Муктаждык намысты да сындырат.

(Ридиан Брук)


Кедейлер менен орто класс акча үчүн иштешет. Байлар болсо акчаны иштетишет.

(Роберт Киосаки)


Кедейдин үйүнө кулпунун да кереги жок.

(Орус накылы)


Кийимиң канчалык кымбат болсо, жандүйнөң ошончолук жардыланат.

(Петр Квятковский)


Жардылардын арасында бай болгондон көрө, байлардын арасында кедей болгон жакшы.

(Бахтияр Мелик оглы Мамедов)


Кедейлик эмне экенин түшүнбөй туруп бай болуш кыйын.

(Айшек Норам)


Кедейлик күнөө эмес, бирок күнөөгө түртөт.

(Орус накылы)


Жардынын марттыгы ысырапкорчулук деп аталат.

(Люк де Клапье де Воверанг)


Жарды болгон уят эмес, арзан болгон уят.

(Николай Валуев)


Турмуш бай менен кедейге эки башка сабак берет.

(Владимир Шойхер)



Мамат Сабыров 
Булка: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн