Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:26
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кийинки айдан пенсия төлөнбөйбү?

17.12.2020 12:33
2110
Кийинки айдан  пенсия төлөнбөйбү?

2021-жылдын январь айы үчүн пенсия төлөө боюнча социалдык фонд Каржы министрлигинин колдоосуна муктаж. Бул тууралуу Социалык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Джуматаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын аягында социалдык төлөмдөрдүн көлөмү 2 миллиард сомго азайышы күтүлүүдө. Жыл аягына чейин тартыштык 1 млрд сомду түзгөн.


Гүлнара Жуматаеванын айтымында, Социалдык фонддун карамагында акча жетишсиз.


«Декабрь айына карата пенсияны убагында төлөйбүз. Январь айына келсек, биз Каржы министрлигинен колдоо  күтөбүз», - деп түшүндүрдү ал.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Рахат
Шайлоодон кийин эмне болсо ошо болсун болобу? 2020- жылдын декабрь айына толонсо эптеп январдын аягына акча жок болсо. Эч ким карыз бербей,жардам колун сунбай койду.