Теке 31, 2025
Убакыт: 04:03
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.055
1.090

Кийинки жылда медкызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт, - ЖК төрагасы

05.06.2025 16:27
194
Кийинки жылда медкызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт, - ЖК төрагасы


Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин эмгек акысын кезектеги көтөрүү 2026-жылдын январь айына пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында билдирди.


“Дени сак улут – дени сак мамлекет. Андыктан, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү өлкөбүздүн башкы багыты. Айрыкча калктын саламаттыгын чыңдаш үчүн аталган тармакта эмгектенген медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатышыбыз керек. Дарыгерлердин айлыгы кеминде 70-80 миң сомдон өйдө болгондо гана аларга талапты коюп, тармакты алдыга жылдыра алабыз”, – деген төрага медицина кызматкерлеринин айлык акысы келерки жылдын январынан тарта сезилерлик деңгээлде көтөрүлөрүн кошумчалады.


Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун Кеңеш берүү жана диагностика бөлүмүнүн имаратынын абалы менен таанышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн