Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:44
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыйраган кыштактар менен дүйнө коомчулугуна тажиктердин күнөөсүн далилдеп берсек болот

04.05.2021 11:04
1283
Кыйраган кыштактар менен дүйнө коомчулугуна тажиктердин күнөөсүн далилдеп берсек болот


Азыр биринчи иретте тажиктердин баскынчылыгы астында калып, үй-жайсыз калган мекендештер үчүн атайын лагер уюштурулушу кажет.

Биз тажик баскынчылары тарабынан кыйраган кыштактарды калыбына келтирүүгө шашылбашыбыз керек. Азербайжан-Армения ортосунда болгон согушта Армения тарабынан Азербайжандын Ганжа шаарына бомба ташталып, уйкуда жаткан куралсыз жарандар (наристелер да бар) каза тапкан. Окуя былтыр күз айларында болсо да, бүгүнкү күнгө чейин кыйраган жерлер эч кандай өзгөрүүсүз курчалып, байма-бай дүйнө ММК өкүлдөрү, эл аралык, тынчтык уюмдары жана жалпы дүйнө коомчулугу үчүн атайын иш чаралар уюштурулуп, Армениянын аесуз, адамгерчиликсиз, мыкаачылык мамилесин дүйнөгө таанытып, алардын күнөөсүн мойнуна артуу боюнча максаттуу аракеттер көрүлүп келет.

Ооба, мамлекеттин, биздин мекенчил, айкөл, кайрымдуу жарандарыбыздын, жардамы менен материалдык чыгымдарды тез эле калыбына келтирээрибиз талашсыз. Бирок моралдык жаратты айыктыруу жана анын кайталанбашы үчүн кам көрүү манилүү эмеспи?..

Менимче кыйраган кыштактар дүйнө коомчулугунун алдында тажиктердин күнөөсүнүн бирден-бир далили катары кызмат кылышы керек. Ал жердеги гильзалардан тарта, ок-дарылардын бош калган кутулары, өрт коюу үчүн атайын камдалып күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр, талап-тоноонун издери, тепсендиде калган оюнчуктар, өрттөлгөн мектеп, баскынчылардын адепсиз аудио-видеолорун жооп иретиндеги снаряд катары колдонушубуз керек. Эгерде азыр аталган аракеттер көрүлбөй, жаратты жабуу менен алектенсек, эртең бул окуя кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат?..

Урмат Усенов, эстрада ырчысы
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн