Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыз ала качканы үчүн соттолгон жигит шериги менен эки уй уурдап, аны сатып жатканда кармалды

28.08.2020 15:40
1452
Кыз ала качканы үчүн соттолгон жигит шериги менен эки уй уурдап, аны сатып жатканда кармалды


ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында мал уруулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.


ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, ички иштер органдарынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жеңил жашоону каалап, жергиликтүү фермердин мал-жандыктарын уурдап, ага ири материалдык чыгым келтирген жарандар кармалды.


Ушул жылдын 27-август күнү Москва районунун Сретенск айыл округунда жашаган жергиликтүү тургундун эки уюн уурдап кеткен. Такталган маалымат боюнча укукка каршы аракеттерди мурда соттолгон эки адам жасаганы белгилүү болгон. Бири Жазык кодексинин 200-беренеси менен соттолгон Өзбекстандын жараны, 1989-жылы туулган С.Э. экендиги аныкталды. 


Ал эми экинчиси Ош облусунун Алай районунун 1997-жылы туулган тургуну А.А. экендиги белгилүү болгон, ал мурда Жазык кодексинин 175-беренеси менен (Никеге туруу максатында адам урдоо) менен соттолгон. Аларды Чүй облусунун Москва районунун аймагынан кармоону ИИМдин ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн. 


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, алар эркинен ажыратуу жайларында бирге мөөнөтүн өтөп, ушул жылдын июль айында абактан бошошкон. Алдан ала маалымат боюнча жумуш жөнүндө жарыялар боюнча мал багуучу болуп орношушкан. Иштегендерине бир жума өтпөстөн жумуш берүүчүнүн малын уурдап кетишкен. Абалды пайдаланышып, түнкү маалда алар жергиликтүү тургундун сарайынан “симментал” жана “ала-тоо” асыл тукумдуу эки уйду уурдашкан. 


Жабырлануучуга келтирилген чыгым 160 миңден ашык сомду түзгөн. Мал уруулар малдарды тезинен сатып, изин жашырууну көздөшкөн. Ошондуктан алар «lalafo» жарыя берүүчү тиркемесин пайдаланышып, жүк ташуучу автоунааны чакырышып, ага уурдалган уйларды жүктөшкөн. Бул учурда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин келип калуусун алар эч күткөн эмес.


Аталган факты КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү (Урдоо) менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүүлөр Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн