Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыз милиция кызматкерлери зордуктаган деп айткан. Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктаган 18 жаштагы бала кармалды

21.02.2022 11:53
1025
Кыз милиция кызматкерлери зордуктаган деп айткан. Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктаган 18 жаштагы бала кармалды

Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 19 жаштагы жаран кармалды. Ошондой эле аталган фактыга 3 милиция кызматкеринин тиешеси бар экендиги да айтылды. Учурда бул боюнча териштирүү жүрүп жатканын Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлады.


Белгилүү болгондой, 18-февралда Биринчи Май РИИБине Н.О. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси 16-февраль күнү 21:00 чамасында Кулиев көчөсүндөгү турак үйдөн кызын белгисиз жаран зордуктаганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 154-берене (зордуктоо) менен катталып, тергөө иштери башталган.


"Ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 2003-жылы туулган М.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Андан тышкары бул кылмышка 3 милиция кызматкеринин тиешеси бар экендиги айтылды. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин ички тергөө кызматы текшерүү иштерин баштады. Жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат беребиз. Учурда тергөө иштери улантылып жатат", - дешти басма сөз кызматынан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн