Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыз уурдаганга шектүү кармалды

21.03.2020 12:57
692
Кыз уурдаганга шектүү кармалды


Бишкекте никеге туруу максатында кыз уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 19-март күнү Милициянын кайгуул кызматына А.К аттуу кыз, 1993-жылы туулган  Г.Ш.  аттуу курбусун эркине каршы белгисиз жаран уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган.


Ыкчам аракеттердин натыйжасында  милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан иизи сууй электе шектүү катары 1992-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, Свердлов  районунун Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.


Учурда бул факт 175-берененин (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) негизинде  сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн