Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңги заттарды таратуу жана кыздарды чет өлкөгө сексуалдык кызмат үчүн жөнөтүү менен алектенген аялды кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тинтүү иштеринин натыйжасында Бишкектеги жаран жашаган жери боюнча Р.Э. 1972-жылы туулган, кочкул-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар заттар табылып, алынган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, бул 8 грамм салмактагы марихуана болуп чыккан.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кармалган жарандын башка мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экендиги аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, Р.Э. интимдик кызмат көрсөтүү үчүн жаш кыздарды чет мамлекеттерге жөнөтүү менен алектенген.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.
Милиция жабырлануучулардан Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына төмөнкү телефондор аркылуу байланышууну суранат: (0312) 62-08-53, (0500) 01-33-53.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн