Бишкек шаарынын Костанай көчөсүндө күндүз эле унаасында кызды урган жаранга сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Белгилүү болгондой, ага карата өкүмдү Биринчи Май райондук соту чыгарган. 29 жаштагы Ш.Ж. аттуу шектүү 11-июнга чейин абакта отурат.
Эске салсак, 11-апрелде унаада сабалган кыз көчөдөгү жарандардан жардам сурап кайрылган. Алар кызды сабоого шектелген жарандан куткарып калган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн