Баткен районун Кызыл-Бел аймагында жана Лейлек районунун Арка айылында тажиктер кайрадан ок атып баштады. Бул тууралуу 24.кг жергиликтүү тургундарга таянып билдирди.
Маалым болгондой, Кызыл-Бел аймагында ок атуу саат 16:14дө башталган. Ал эми Лейлек районунун тургундарынын айтымында, азыркы учурда тажиктер Арка айылынын 5-көчөсүнө чейин кирип келип үйлөрдү өрттөй баштаган.
Буга чейин Камчыбек Ташиев саат 16:00дө тажиктер чек арага жакын аймактан бардык аскердик күчтөрүн чыгарып кетерин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн