Кызыл-Кыя шаарында Кадамжай районунун Алыш айылынын 19 жаштагы тургуну ага бейтааныш болгон 2 жаран аны уруп, коркутуп кол телефонун алып койгондугун билдирип арыз менен кайрылган. Бул туурасында Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кылмыш жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноочулук) менен катталып, тергөө иштри жүрө баштайт.
Кызыл-Кыя шаарында коомдук тартипти көзөмөлдөп жүргөн Баткен ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын кызматкери милициянын сержанты Куштарбек Камалов тарабынан Караван айылынын 2004-жылы туулган С.С.аттуу тургуну аныкталып, кармалган.
Уурдалган телефон өз ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн