Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кызыл-Кыя шаарында бир нече үйгө сел кирип, өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

20.06.2022 07:21
819
Кызыл-Кыя шаарында бир нече үйгө сел кирип, өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, кечээ, 18-июнда нөшөрлөгөн жаандан улам Кызыл-Кыя шаарында сел жүрүп, 24 турак үйдүн короосун, 17 турак үйдүн ичин жана жертөлөсүн, социалдык объекттердин короолорун суу каптаган.


Учурда сел сууларынан тазалоо иштерине ӨКМден жалпы 117 куткаруучу тартылып, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.


Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев шаар калкы менен жолугушуп, жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берүү менен, тиешелүү чаралар кабыл алынгандыгын билдирди.


Белгиле кетсек, катуу жааган жаандан кийин шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн