Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кызыл-Кыя шаарында президенттин ысырапкорчулук боюнча жарылыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

03.03.2022 17:33
775
Кызыл-Кыя шаарында президенттин ысырапкорчулук боюнча жарылыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кызыл-Кыяда ысырапкерчиликке бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Бул тууралуу   Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


     2022-жылдын 2-март күнү Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын чоң залында шаардагы мечиттин имамдары, аксакалдар кеңешинин төрагалары, аялдар кеңешинин төрайымдары катышкан чоң жыйын болду. Жыйынга шаар мэри Асылбек Маткалыков, Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Нурлан Бурканов, жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

   

  Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун каада-салттардагы ысырапкерчиликтерди азайтуу багытында чыккан Жарлыгы жеткирилип, шаар тургундарынын салтанаттуу кечелерге кетирилген чыгымдарды жоюуну, үрп адаттарда, каада-салттарда ашыкча эле атаандашып ашыкча чыгымдар келтирилгени айтылды. Ошондой эле шаарда ар бир үй-бүлө бардар жашабастан, колунда жок жашаган үй-бүлөлөр карызга батып калгандыгын боюнча талкуулар болду.


     Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Нурлан Бурканов шаар аймагындагы кылмыштуулук боюнча маалымат берип, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту болтурбоо боюнча эскертүүлөрдү берди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн