Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кызыл-Кыяда түрмөдөн чыккан жаранды атып салган шектүү Тажикстандан кармалды

Кызыл-Кыяда түрмөдөн чыккан жаранды атып салган шектүү Тажикстандан кармалды


Кызыл-Кыяда дүкөндө ок атып, изин жашырып кеткен жарандын башка дагы кылмышы аныкталып, ал Тажикстандан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-октябрь күнү саат 02:15тер чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде 32 жаштагы Л.Ш. менен 27 жаштагы И.У. ортосунда ызы-чуу чыгып, алардын бири экинчисин жанындагы куралы менен атып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Ал эми жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Бул окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү И.У.нун жүргөн жерин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.

Тергөө иштеринин маалыматына ылайык, каза болгон жаран жана издөөгө алынган жаран дагы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылгандыгы аныкталды.

Кылмышка шектүү И.У. жана анын кылмышка шериги 32 жаштагы А.А.нын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, алар кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Тажикстандын аймагына кирип кеткендиги маалым болгон. Андан кийин Баткен облустук милициясынын башчысы Мурат Боронов менен Согди облустук милициясынын башчысы Абдулло Навджувоновтун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде издөөдө жүргөн И.У жана А.А. Тажикстандан кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп алынды.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы 25-октябрда Ош шаардык милициясына Ош шаарынын 32 жаштагы Т.Д. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, аны опузалап, унаасын, 10 миң сом акчасын тартып алган шектүүлөргө чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Арыздануучуну опузалаган 8 адамдын ичинде жогорудагы кылмышка шектүү И.У.да болгон.

Бул жагдай боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин ("Опузалап талап кылуу") негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучу Т.Д.га соттук экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн