Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кызынын тоюна бара жаткан. Баткенде үрөй учурган жол кырсыгынан 8 адам каза болду

23.11.2022 12:39
2911
Кызынын тоюна бара жаткан. Баткенде үрөй учурган жол кырсыгынан 8 адам каза болду

Баткен облусунун Жаңы-Жер айылында жол кырсыгынан 8 адам каза болду. Бул тууралуу Баткен облусунун Жол коопсуздук кыймылынын маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, кырсык 22-ноябрда саат 21:00дөр чамасында болгон.


Бужум айылынын тургуну өзүнүн кызын Кадамжай районуна турмушка узаткан. Алар кызынын тоюна Opel Vectra унаасы менен бара жатканда Mercedes-Benz Sprinter менен кагылышкан.


Жол кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 6 адам, "Спринтердеги" эки адам каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн