Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кызмат абалы каралат. Динара Кутманова жетектеген министрликке "эки" деген баа берилди

28.12.2022 15:29
849
Кызмат абалы каралат. Динара Кутманова жетектеген министрликке "эки" деген баа берилди

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасап, анда 2022-жыл боюнча министрликтердин ишмердүүлүгүнө жүгүзүлгөн мониторингге токтолду.

“Быйыл Министрлер кабинетинин иш-аракеттер планында 650 иш-чара каралган. Анын жыйынтыгында “мыкты” деген бааны тогуз мамлекеттик орган алды. Алар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, ӨКМ, ИИМ, ТИМ, Коргоо министрли, Юстиция министрлиги, Улуттук статистика комитети, Соцфонд жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттик болду. “Жакшы” деген бааны 19 маморган, ошондой эле “орто” жана “ортодон төмөн” бааны алгандар болду. “Орто” бааны Инвестициялар боюнча агенттик, Энергетика министрлиги жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги алды. "Эки" алган бир гана орган болду: Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги”, - дейт ал.

Садыр Жапаров ишмердүүлүгүнө "эки" же "үч" деген баа коюлган министрлердин жоопкерчилигин кароо керектигин белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, иш-чарада министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, 2023-жылга карата иш план каралууда.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Шермухамед
Кетсин