Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:29
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган мэриянын кызматкери кармалды

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган мэриянын кызматкери кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы  тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери  кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны  аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери  Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныкташкан.

 Болжолдуу алдын ала маалымат боюнча  мамлекетке 1 120 000 сомдук зыян келтирилген. Бул факты боюнча жүргүзүлгөн  сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2021-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси Т.Н. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Азыркы учурда аныкталган факты боюнча иликтөөнү ИИМ жүргүзүп жатат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн