Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокеринин сабалышы боюнча козголгон кылмыш иши тараптардын элдешүүсүнөн улам токтотулду. Мындай чечим 8-августта борбор калаанын Биринчи май райондук сотунда кабыл алынган.
Жабырлануучу тарап Т.Жаныбек уулуна эч кандай дооматтары жок экенин билдирген. Буга байланыштуу соттун чечими менен Т.Жаныбек уулуна карата козголгон кылмыш иши токтотулду.
Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодск айылындагы бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн