Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:14
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кызматтан алынган Садыр Жапаровдун жактоочусу анын чечимине нааразы

10.02.2021 13:31
1194
Кызматтан алынган Садыр Жапаровдун жактоочусу анын чечимине нааразы

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Акин Токталиев Садыр Жапаровдун чечимине түшүнбөй турганын айтты. Бул тууралуу ал "Супер.кг" порталына билдирген.


"Эмне себеп болуп кеткенин өзүм да билбей, түшүнбөй калдым. Башка президент кызматтан бошотсо өз кишисин койду го деп түшүнөт элем. Мен бул президенттин өз кишиси болчумун да. Инаугурациянын алдында муфтиятка келип, мени тааныштырып, үй-бүлөлүк адвокатым деп айтты эле. Жардам беребиз деп мени мактап, жактап кеткен. Садыр Жапаровдун 10дой жактоочусу болгон. Анын ичинен эң жакыны мен болчумун. 10 жылдан бери жактоочусу болуп жүрөм. Өзү байланышка чыккан жок. Президенттик аппараттын башчысы мени чакырып алып, сиздин тагдырыңыз чечилип калды деп айтты. Мен бул кызматка жан талашып барган эмесмин", - дейт Токталиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн