Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны күн санап өсүп жатат. 3-апрелге карата 130 адам катталды. Алардын бешөө сакайып, 1 адам каза тапты. Ал эми байланышта болгон адамдардын саны 2000ге чамалады. Мындай шартта өзгөчө абалдын катаал чаралары киргизилип жатат. Ушул кырдаалда шайлоо күнүн дайындоо тууралуу сөз жүрүп жатканын өзү канчалык маанилүү? Ушул маселелердин тегерегинде жооп алуу үчүн Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага кайрылдык.
- Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүшү керек. Сиз кандай ойлойсуз, билким шайлоонун датасын жылдыруунун мааниси бардыр, өзгөчө абал бүткөндөн кийин деле туруктуу абалга келүүгө убакыт керек.
- Мунун бары коронавируска байланышкан кырдаалдан көз каранды. Эгерде Италиядагы көрүнүш кайталана турган болсо, кайдан шайлоо өтсүн? Андай болсо шайлоону жылдырууга өзгөчө абал режими укуктук негиз болот. Эгерде жарыялангандан баштап 30 күн сайын узартыла бере турган болсо, шайлоо тууралуу сөз кылуу да мүмкүн эмес. Июлга чейин абал кандай өңүттө болот, мен билбейм. Эгерде өзгөчө абал токтотулуп, бирок карантиндин таасирин калтырып койсо, шайлоо күнүн дайындаса болот. Ошондо дагы анын легитимдүүлүгү боюнча чон суроо жаралат. Карантиндин шарттары канчалык шайлоо укугун активдүү жана пассивдүү ишке ашырылышына жол бербесин, элдин массалык топтолуусуна, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштеринин уюштурулушуна, партиялардын съезддерин өткөрүү иштеринде кыйынчылыктар туула турганын эске албай коюуга болбойт. Муну менен активдүүлүк токтойт. Бийлик өзүнүн ресурстарын колдонуусуна шарт түзүлүп калат.
- Көптөр шайлоо Конституция боюнча өзүнүн мөөнөтүндө өтүшү керектигин айтып чыгышты. Антпесе өлкөнүн Баш мыйзамына доо кетет, деп. Бирок бул кризис Кыргызстанда эле эмес, жалпы дүйнөлүк маселе да, форс –мажордук абал эмеспи?
- Форс-мажордук абалга кайрыла турган болсок, бул юридикалык өтө олуттуу маселе. Шаршембиде Жогорку Кеңеште Салык кодексине кезексиз түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу талкуулоодо депутаттар коронавирус жеңилгис күчтүү абалда болуп турганын моюнга алышты. Укуктук жөнгө салуу тармагы үчүн коронавирусту форс-мажор катары таануу чоң мааниге ээ, өзгөчө макулдашуу мамилелер тармагында. Кандай сүйлөшүүлөр болбосун анда милдеттерди аткарууга форс-мажор таасир эте турган параграф бар. Ар бир окуя тескөөчү органдардын кароосунан өтүшү керек. Эпидемия форс-мажордук абал деп таанылып атат, бирок Кыргызстанда жок. Анткени COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны массалык түрдө таралып кетти деген кырдаалга жеткен жок.
— Сиз кандай ойлойсуз, эгерде парламенттик шайлоо эч нерсеге карабай эле 4-октябрда өтө турган болсо, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы легитимсиз деп атоого себеп болуп калбайбы?
- Парламенттик шайлоо өзгөчө абал режими токтогондо гана өз убактысында өтөт. Эгерде бийлик өзгөчө абал режимин июлга чейин узарта турган болсо, анда президент добуш берүү күнүн дайындайт, анда Конституция боюнча бул указ басылып чыгышы мүмкүн эмес. Бир жагынан абал жакшы жакка өзгөрүп, илдеттин таралышы токтосо, карантин улана берсе президент шайлоону дайындайт. Карантин добуш берүү күнүн жылдырууга жана токтотууга негиз болбойт. Карантин учурунда укуктарды ишке ашырууда чектөө болсо бул башка кеп.
Парламенттик шайлоону жылдыруу тууралуу чечим чыгарууга кандай юридикалык негиздер өбөлгө боло алышы мүмкүн?
- Бир эле негиз – өзгөчө абал режими узартылган убакытка чейин мамлекет башчы шайлоо компаниясын жарыялоо тууралуу указга кол койсо.
Булак: Elgezit.kg
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн