Кулжа 04, 2025
Убакыт: 08:05
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.103
1.135

Кочкор-Ата шаарында 200 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

02.06.2025 16:49
79
Кочкор-Ата шаарында 200 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди


Кечээ, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында №60 «Керемет» жаңы бала бакчасынын ачылышы болду.


Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков, райондун акими Таалайбек Ишенбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкер Исхак Пирматов жана айыл тургундары катышты. 


Бала бакча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулган.


Тилек Текебаев өз сөзүндө бул күнү мектепке чейинки мекеменин ачылышы бөбөктөр, алардын ата-энелери жана жалпы шаар тургундары үчүн чыныгы кош майрам жана чоң белек болгонун баса белгиледи. 


«Балдар өлкөнүн келечеги, ар бир бала мээримде, камкордукта жана татыктуу шарттарда чоңоюшу керек», - деди ал.


Белгилей кетсек, бала бакча 200 орунга ылайыкталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн