Бугу 21, 2024
Убакыт: 10:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кочкор районун өнүктүрүү боюнча 5 жылдык пилоттук стратегиялык план иштелип чыгат

20.01.2022 11:28
1573
Кочкор районун өнүктүрүү боюнча 5 жылдык пилоттук стратегиялык план иштелип чыгат



Кочкор районунун стратегиялык планын иштеп чыгуу үчүн атайын экономисттер районго келди. Бул тууралуу райондук администрациянын маалымат кызматы билдирди.


Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Курбанбек Камчыевдин чакыруусу менен Кыргыз экономикалык университетинин ректору, экономика илимдеринин кандидаты Алмаз Кыдыралиев, КЭУнин каржы жана экономикалык иштер боюнча проректору Назар Таникулов, экономика илимдеринин доктору профессор, проректор Көбөгөн Атышов жана кафедра башчысы Кубан Шакеев районго келип райондун акими жана айыл өкмөттөр менен биргеликте райондун стратегиялык өнүктүрүү планын түзүү жана райондун потенциялы тууралуу кенен талкуу жүргүзүштү. 


Райондун 5 жылдык пилоттук стратегиялык планын түзүүнүн негизги максаты калкка көп тармактагы жумуш орундарын түзүү, райондун экономикалык-социалдык абалын жогорулатуу, миграция маселесин токтотуу жана эң негизги район башчысы аким К. Камчыевдин аракети Кочкор районун дотациядан алып чыгуу болуп саналат.


10 күн аралыгында айыл өкмөттөр менен биргеликте пландын үстүнөн иштеген жумушчу топко, райондун кайсы тармакты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү жогору жана кайсыл айыл өкмөттө кандай тармакты өнүктүргөнгө мүмкүнчүлүк болот, бардык статистикалык маалыматтар чогултуп берилет. Ал маалыматтар эконмисттер тарабынан терең анализделип чыгат. Маалыматта эмнелер камтылышы мүмкүн ар бир айыл өкмөттө эмнени өндүрүүгө мүмкүнчүлүк болот жана кандай чакан, орто жана чоң ишкана куруу керек ж.б. болот. Комиссия бул маалыматтарды алып, 2 ай аралыгында планды экономикалык жактан тастыктап, реалдуу далилдер маалыматтар менен иштеп берет. Мындай жолугушуулар пилоттук өнүктүрү план түзүлүп бүткөнчө уланат. Ал эми экинчи жолугушууда айыл чарба, мал чарба жана кен байлыктар боюнча профессионал адистер районго келип, ар бир айыл өкмөттө кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин жеринде жергиликтүү бийлик менен биргеликте көрүшөт. Ирригацияга да көңүл бурулат. Кочкор районунун 5 жылдык пилоттук өнүктүрүү планы келген инвесторлорго тандаган тармактарына ойлонбостон акча салуусуна шарт түзүү үчүн, ыңгайлуу болуу үчүн Кыргыз экономика университети тарабынан кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылат. Бардык тармактар боюнча, артыкчылыктары толугу менен экономикалык жактан жогорку деңгээлде тастыкталып, аныкталып, далилдер менен жазылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн