Кочкордо оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрү күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Кочкор району, Эпкин айылы, Кочкор-Чаек-Кара-Кече жолунун 33-чакырымында “Beifang Benchi” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрү күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө №42 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 23:18 өрт чектөөгө алынып, 00:15 толук өчүрүлдү.
Өрттүн себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн