Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 20:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кочкордо жалгыз бой аял 3 кызы менен ууланып каза болду

Кочкордо жалгыз бой аял 3 кызы менен ууланып каза болду
Кочкор районунда иске ууланып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди.


Окуя болжол менен 19-декабрга караган түнү болгон. Жалпы 5 адам ууланып, анын кесепетинен жаш келин 3 кызы менен чогуу каза болгон. Ал эми 5 жаштагы бала ооруканага түшкөн.

Нарын ОИИБ бул окуяны тастыктап, милицияга маркум келиндин агасы кайрылганын билдирди. Маркумдарга үстүнөн кароо жүргүзгөндө күч колдонулганы аныкталган эмес. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Аман калган 5 жаштагы баланын абалы жакшы. Жакынкы убакта ооруканадан чыгарылат.

Күбөлөрдүн айтымында, каза болгон келин жалгыз бой эне болгон. Ал балдары менен Теңдик айылында турчу.

«Агасы телефон чалса албайт. Эртеси чалса дагы албайт. Жолдон өтүп бара жатканда үйүнө кайрылып, эшикти каккыласа 5 жаштагы баласы ачкан экен. Ошондо булардын каза болгон күнү белгисиз болууда», - деди тургундар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн