Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:14
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кочкордо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси 100 гектардан ашык жайытты мыйзамсыз берген

09.01.2023 17:16
334
Кочкордо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси 100 гектардан ашык жайытты мыйзамсыз берген

Нарын облусунун Кочкор айылынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси документтерди жасалмалоого шектелип кармалды. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы 9-январда билдирди.


Ага ылайык, буга чейин аталган аймактын Теңдик айылынын тургундары социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасашкан. Андан соң текшерүү иши башталган. 


“Видеокайрылуу “Facebook” социалдык тармагында жарыяланып, анда айылдын аксакалдары, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү жер мыйзамын бузуу фактылары боюнча маалымат беришип, ички иштер органдарына мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан. Бул кайрылуу 31-декабрда Кочкор районунун ИИБне катталган”,- деп жазылат маалыматта.


Аталган факт боюнча Ысык-Көл жана Нарын облусунун кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада 39 жаштагы тургун Кочкор райондук тергөө кызматына жеткирилген.


Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган тургун Кочкор айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси экендиги белгилүү болгон. Ал аталган айылдын үч тургунуна Кара-Жылга тилкесинде жалпы аянты 100 гектардан ашык жайыт жерлерин өткөрүп берип жиберген.


Аталган тилкедеги жайыттар 2022-жылдын февраль айында бир жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген, бирок бир дагы гектарга тиешелүү каражат төлөнбөстөн келишимдер түзүлгөндүгү белгилүү болгон.Ошондой эле документтердин аныктыгына жасалмачылыктын белгилери байкалган.


Бул мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 105 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталып, «Документтерди жасалмалоо» фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.


Ал эми 39 жаштагы тургун шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле соттун чечими менен ага үй камагы тандалып, тергөө иш-чарасы уланууда. 


Учурда бул кылмышка башка катышуучулардын тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн