Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Көчөдө турган унаадан 210 миң сом уурдаган жаран кармалды

Көчөдө турган унаадан 210 миң сом уурдаган жаран кармалды


Бишкек шаарында Биринчи май РИИБдин участкалык инспекторлору уурулукка шектелген адамды кармашты.


Аталган түзүмдүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 17-майда милицияга Д.О. аттуу жаран арыз менен кайрылып, саат 15:30 чамасында Патрис Лумумба көчөсүндө токтоп турган «  Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унаадан 210 миң сом уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн.



Жазык кодексинин 200-беренеси менен (Уурдоо) сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Тергөө жана издөө иштеринин алкагында №5 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери шектүүнү аныкташты. Ал 1973-жылы туулган О.Ж. экени белгилүү болду. Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн