Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:10
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Көгарт трассасына кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жоокердин аты берилди

25.03.2023 10:05
539
Көгарт трассасына кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жоокердин аты берилди

Жалал-Абад обласынын Сузак районунун Курманбек айылында 2022-жылдын сентябрь айында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралчан кагылышууда баатырларча курман болгон катардагы жоокер Малашов Даниелбек Алмазовичтин атын өзү жашаган көчөгө жана чоң (Көгарт) трассага коюу жана өзү жашаган үйгө чакан үй музейин ачуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалым болгондой, иш-чарага  Жалал-Абад облусу боюнча чек ара башкармалыгынын башчысы подполковник Н.К. Эралиев, Жогорку Кеңештин депутаты Икрамов Тазабек Икрамович, Сузак районунун акиминин орун басары, Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Түгөйбеков Нурсултан Түгөйбекович, Баткен согушунун ардагерлери, мектеп мугалимдери, айылдын аксакалдары, жашоочулары жана достору катышты.


Болуп өткөн иш-чара аскер кызматкерлердин коштоосунда өткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн