Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 06:01
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Көк-Теректе аскер техникасы кыргыз үйлөрүн гана талкалаган

05.05.2021 16:28
2185
Көк-Теректе аскер техникасы кыргыз үйлөрүн гана талкалаган


Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Көк-Терек ("Головной" суу бөлүчтүрүүчү жерден анча алыс эмес жерде жайгашкан) калктуу конушунан учурда урандылар гана калган.


Тажик аскери кол салуу учурунда ал жерде Көк- Терек айлынын жашоочулары жок болушкан. 29-апрелде айыл өкмөттүн башчысы Кудайберди Маматалиевдин чечими менен бардык жашоочулар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Урандылардын арасынан жакында эле бул жерде өкүм сүргөн тынч жашоонун далилдерин көрө аласыз - жылыткычтар, казандар, идиштер жана башка үй шаймандары. Оттон өрттөнбөгөндөрдүн бардыгы. Үйлөрдүн биринде тандыр аман калган. Анын жанында дагы деле нан жатат...

Бул аймакта тажиктер дагы жашашат. Бирок алардын үйлөрүнө тийишкен эмес.


Жергиликтүү тургундардын айтымында, аскер техникасы кыргыздардын үйлөрүн гана талкалаган. Алар үйлөрдү талкалаганга чейин талап-тоношкон.


Айылда 18 үй толугу менен талкаланган: анда 96 адамдан турган 24 үй-бүлө жашаган. Кечээ курулуш компаниялардын бири жабыркагандардын бардыгына жаңы үйлөрдү куруп берүүнү убада кылды. Алар айыл өкмөттүн башка жерине курулат.


Жакында жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен Көк-Теректе урандылардын ордун калыбына келтирүү иштери башталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн