Илим-билимсиз баарыбыз жартыбыз бирок сезим менен чоң эргүүсүз мен эч ким эмесмин.
...
Эң жаманы – кылганыбыз үчүн башкалардын уялганы. Тилекке каршы мен кылганы үчүн уялган көп адамдар бар. Өзүбүз уялбасак да башкаларды “уялтпай” жашайлы.
...
Мен өмүрүмдү канип узартышты билем: Кыргызстанга билет сатып алган сайын, Бишкектен айылга деп жолго чыккан сайын… А тургай өмүрдү узартыш да ушинтип колдон келет, бирок…
...
Табият - аны караш үчүн эле эмес аны менен кошо жашаш үчүн турат алдыңда.
...
1997-жылы, студенттик бир курдашым жанымды койбой жатып Ош базарындагы төлгөчүлөр айылына алып барды. Бир маанилүү нерсе боюнча төлгө салдырмак эле. “Төлгөчү таппайт го” десем болбойт. Ошол кезде “Кыялдын” алдында төлгөчүлөрдүн алачыктан жасалган чоң айылы болоор эле. Бирөөсүнө кирдик. Төрдө жаш эле келин олтуруптур. Ошол келин мага өтө тааныш адамдай учурады бирок анын көзүн көп карабашка аракет кылдым. Анткени ал өзү да толкундап турганын сездирип койду. Же мен эле сездимби..?
“Пайгамбардын бал төлгөсү,
Сен таштык кылба.
Мен жаштык кылбайын…”
деп баштады ал. Менин башым ого бетер жерге кирейин деди.
“Төлгө ташым төп түш,
Оң жагыма көп түш” деди. Анан айтып кирди. Көп нерсе айтты. Анан эшикке чыктык. Кийин ошол айтканынын бири да туура келген жок. Ошондон көп мезгил өтүп баягы таанышыма кызуу жүргөн жеринен капыстан жолугуп калдым. “Мен өткөндө ит болдум. Кечирчи” деди ал. “Мен ал кезде чын эле кыйналып жүргөм, түшүнөсүңбү?!! Менде азыр баары бар, баары жакшы” деди. “Мен түшүнөм!” дедим чын ниетимден! “Кантип түшүнбөйүн!!!” дедим… Ошол кезде ары жактагы бир комоктон токсонунчу жылдардагы бир музыка кулакты жарып атты… Ал мени кучактады… Мен дагы аны. Ал мени кучактаган бойдон көпкө кое бербей турду. Ошол маалда анын ийининен ары ошол комок жактан бизди карап жылмайып турган бир келинди көрдүм. Ал бизди күтүп тургандай. Ал менин көзүмө тааныш учурады. “Бул ким эле? Кайдан көрдүм эле..?” Экөөбүз кош айтыштык. Мен жолдо бараттым. Анан маршруткага түштүм. Түшүп, мына эми орун алаарым менен оюма бир нерсе шак дей түштү. “Апей, ал баягы төлгөчү келин да!!!” Анан күлдүм. Сыртымдан күлүп жибердим. Экөө табышып алганбы..?!
...
Аял. Күзгүгө дагы бир ирет барып, чийген кашын, боегон көзүн дагы бир ирет карады да, ишенимдүү чачын силкти. Азыр үйдөн чыгып, анын жанына бараары менен: “Апээй, сен эмне ботом, толуп кеткенсиңби же карып кеткенсиңби?!” Мына ушул эки сөздү айтышы керек. Алар далайдан бери көрүшө элек. Анын кандай болуп калганын да билбейт. Бирок ушуну ал сөзсүз айтышы керек. Экөөнүн эзелки мамилеси ушундай. Ал помадалуу эринин кымтып алып, шиш такасын тыкылдатып басып жөнөдү. Ошол учурда шаардын башка жагынан аны андан да сулуу, андан да келишимдүү андан да “намыстуу” аял күтүп турган болчу. Анын оюнда ага карата мына мындай эки сөз бар эле…
Жеңишбек Эдигеев, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн