Бир күнү кесиптеш досум Бахпурбек Аленовго бир таанышы күтүүсүз сунуш айтат: “Президент Акаевдин үй-бүлөсү тууралуу көп сүрөт таап алдым. Журналистсиң да, эгер керек десең сага берейин” деп. Бахпур бул тууралуу мага кеңеш курду. Ошентип эртеси эле экөөбүз ал таанышынын үйүнө бардык. Ал Совет көчөсүндөгү айтылуу “Ысык-Көл” гастроному жайгашкан көп кабат үйдө турат экен. Көрсө, ал үй өзүнүн үйү эмес, ошол учурда кайсы бир банкта күрөөдө турган үй экен. Банкта иштеп, күрөөгө алган киши жакын таанышы болгон үчүн аны убактылуу жашатып коюптур.
Ошентип үйгө кирдик. Көп бөлмөлүү, кымбат баалуу эмеректерге толгон, бир сөз менен айтканда бардар адам жашаган үй экени көрүнүп турат. Бахпурдун таанышы бизди чайга чакырды. Чай ууртап олтурган кезде ал барып өзү кеп кылган сүрөттөрдү биздин алдыбызга көтөрүп келди. Бери жагы 20-30 даана сүрөт. Кыскасы, бул сүрөттөр ушул үйдү күрөөгө калтырган кишинин кызыныкы экен. Кызы өңдү-түстүү, сүрөттөргө караганда жакшы окуу жайды бүтүргөн, билимдүү, жаркылдаган кыз экени көрүнүп турат. Ал эми ал сүрөттөрдүн дээрлик жарымында Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев да бар эле… Демек алар өтө жакын чөйрөдөгү, ынак достордон экенин ар түркүн кайталанган сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Жалаң жаштар, достору болуп үй ичинде, тоодо, көлдө эс алып аткан түркүн сүрөттөр. “Президенттин уулунун достору ушул экен да, ушинтип эс алышат экен да…!” деп таңгалып да, кызыгып да карап олтурдук. Бул – 1999-жылдар... Эгерде бул сүрөттөр ошол кездеги президент Акаевдин каршылаштарынын бирине же кандайдыр бир башка журналисттердин колуна тийип калганда: “Мына, президенттин баласы кантип сайран тээп, шапар тээп, эс алат, көрүп алгыла!” деп туруп жалпы элге жарыялап, чыгарып жибериши толук мүмкүн эле. Албетте, сүрөттөрдө эч кандай деле жаман көрүнүш жок бирок саясий оппоненттер үчүн баары бир курал болуп берчү ошого себеп түзө турган, ар кандай шарт, ар кандай маанайдагы, жеке өздөрүнө гана тиешелүү “шапар тепкен” сүрөттөр болчу.
“Бул үй күрөөгө түшүп калыптыр. Анан тууганым азырынча жашай бер” деп, ошо менен кирип жашай баштадым. Келип, мобу шкафты ачсам эле, китеп-дептерлер менен кошо ушул сүрөттөр бар экен. Карасам эле, президенттин баласы жүрөт… Шефтин айтканына караганда үйдүн кожоюнунун кызы “эмне болсо да АКШга барам!” деп атып күрөөгө коюлуп калган имиш…” деди.
Биз ал имишин биле алган жокпуз бирок “сүрөттөрдү бизге бер” деп алып кеттик. Антпесек биз болбосок башкалар келип алып кеткидей. Ошо менен эмне болсо да муну “Кыргыз руху” гезитинин редактору Султан Раевге алып барып көргөзмөк болдук. Анткени Бахпур ошол гезитте иштечү.
Ошентип сүрөттөрдү Султан Акимовичке алып бардык. Султан аке турган ордунда сүрөттөрдү карап атып, алп денесин бир сүлк эттирип, башын чайкап атып карап чыкты. Карап чыкты да “Жигиттер менде Акаевдердин үй-бүлөсүнө доступ бар, туура көрсөңөр өздөрүнө эле бердиртип коеюн, башка бирөөлөрдүн колуна тийсе кандай болот ким билет…” деди. Жакшы болот экен дедик. Ошентип арадан бир топ убакыт өткөн соң Султан аке айтты: “Бердиртип койдум, Акаева силерди айтып, жакшы адамдардын колуна тийип калган тура., аларга ырахмат айтып койгула” дептир деди.
Бахпур экөөбүз болсо редакциядан чыгып көчө бойлоп баратып дүйнөдөгү ажолордун, падышалардын бүлөсү жөнүндө философтонуп, кызык кеп куруп кетип баратканыбыз эсимде…
Жеңишбек Эдигеев, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн