Мектепте 9-классты бүткөн жылы айылдын Ак-Чийдеги сарайына курулушка бардык. Иштеткен агайыбыз Бейшеев Өмүрназар. Классташ 3 кызыбыз бар, алар бизге “кызыл казанчы”. Жашаганыбыз чабандын тамы. Кыздар өзүнчө бөлмөсүндө, биз өзүнчө. Бир күнү түштөнүп олтурсак эшиктен “дүп-п!” эткен үн угулду. Атып чыксак эки күндөн бери куруп келаткан дубалыбыз кулап түшүптүр… Катуу кейидик. Бирок кайра ырас эле кулады деп коебуз. Азыр кулабай кийин куласа эмне болмок? Чабандын коюн же жаш балдарды басып калсачы..?! 9-класстын балдарына ишенген колхоз да кызык. Бирок союз кези жаштардын колун бош кылбай иштете да билчү. Ошонун өзү майрам тура - классташтардын чогуу басып, чогуу жатып, тоо койнунда чогуу иштегени. Кийин ойлосом бизди иштеткен Өмүрназар агайыбыз сүлкүлдөгөн жаш кези экен, кээде бизге кошулуп бала болуп кетчү. Агай көзүн кылгыртып: “Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү, Сен олтурган булакта мен да олтуруп” деп кыңылдап ырдап калаар эле. Бир күнү айылга кино келиптир дегенинен баарыбыз кыштакка түштүк. Кино аяктаган соң чубуруп алып сарайыбызга жөнөдүк. Агайыбыз: “Мен бүгүн үйдө калып, сарайга эртең барам. Көп тартип бузбай сарайга тез барып эрте уктагыла. Эртең жумуш!” деди. Биздин үй Кара-Жардын боюнда болгон үчүн биздин огород аркылуу өтүп сайга түшүп аркы өйүзгө өттүк. Ары жагы кең айдоо талаа. Түнкү саат 10 дон өткөн кез. Бир убакта эле карасак алдыбызда ээн талаада солдойгон аппак кийинген киши турат. Аппак сөлөкөт. Кыздар биринчи чур-р этип бизге ыкташты. Өзүбүз да жүрөксүп “Бул эмне?!” деп туруп калдык. Баягы кар киши, ак киши, ээн талаанын ээси деген чын го, ошол го! деп катып калдык. Бизди бир гана нерсе сактап турду: көпчүлүк болчубуз. Ошол үчүн караан тутушуп, артка качакан жокпуз. Бир кезде эле классташым Адыл: “Баарыңар таш алгыла! Таш! Таш менен ургулайбыз!” деп биринчи болуп Ак кишини көздөй жакындады. Ошондо коркконубуздан баарыбыз таш издей баштадык эле, ошол замат тиги ак кишиге жан кире калып: “Ээ-ээй, чаппагыла, чаппагыла! Бул мен, мен агайыңар! деп үстүндөгү ак шейшебин жанталашып башынан алып чечип кирди. Көрсө, Өмүрназар агайыбыз өзү экен. Сайдын өйүзүндө туруп алып баарыбыз көпкө каткырдык. Агайыбыз ошондой оюнкараак болчу. Балдардын көңүлүн да жакшы көтөрчү, жакшы да иштетчү. Жумушка байланыштуу колхоздон таламыбызды да көп талашчу. Бирок колхоздун эң чоң артыкчылыгы иштегендерди жакшылап эс алдыра да билчү.
Курулуш аяктап калган кезде бир күнү агайыбыз сүйүнчүлөдү: “Сарайды бүтсөк Алматыны барып көрүп келмек болдук!” деди. Ошондо сүйүнгөнүбүздү айт! Бир жолу тыныгууда балдар болуп дөбөнүн боорунда сүйлөшүп олтурабыз. Бир кезде арабыздан бирөө: “Алматыга барсак баарыбыз чогулуп торт сатып жебейлиби?!” деди. Торт дегенди укканда баарыбыз ордубуздан тура калчудай сүйүнүп колдоп кеттик: “Эй ошентели эй, барсак эле сатып алалы да бир тое жейличи атааңгөрү тортко!” Сурашып көрсөк буга чейин бирибиз да өмүрүбүздө торт жеп көрбөппүз. Ал кездер жакшы заман эле бирок ошентсе да балалыкка анан ушу таттууга тойбогон, таттууга жетпеген курагыбыз эле… Ак-Чийдин дөбөсүндө кыялданып олтуруп тээ борборго кетчү тарапты карап, Фрунзе эле эмес казактын Алматысын элестетип, ал жактар кандай калк, кандай калаа болду экен деп, кандай жолдорду басып өтөөрүбүздү, кандай дүкөндөргө кирээрибизди анан да кандай тортту жээрибизди кыял кылып сүрөт тартып олтурганбыз…
Ошентип курулушубуз бүттү. Эртең жүктү таңып кыштакка кетебиз. Карасак, азык-түлүгүбүз да аягына чыгып, сары мүшөктүн түбүндө 5-6 килодой кум шекерибиз эле калыптыр. Муну үйгө алып кетмек белек деп, таттуусураган жаныбыз баягы калган кум шекерди казанга салып эритип “шоколад” жасадык. Шоколадыбыз кыпкызыл болуп бир сыйра эрип келип, кайра таштай катуу момпосуйга айланды. Балдар-кыздар, агайыбыз кошулуп сарайдын түбүндө, кемегенин боюнда момпосуйду маашырлана соруп, “кел дагы же!” деп улам бири-бирибизди сыйлашып, түн киргенче алыстан көрүнгөн кыштакты карап, сүйлөшүп олтурдук. Кыштактын жарыктары жылт-жылт этет. Баарыбыз караан тутуп ошол жарыктарды карайбыз. Адамды дайыма жарык ээрчитет. Жарыктар суктантып, кол булгалап, кайдадыр азгырат. Жылдыздар да ошондой. Алар чексиз ойдун, бүтпөгөн, жомоктой ойдун символундай. Шам чырак да ошондой. Анткени анын Жарык деген касиети бар. “Сага шам чырак боло алаар бекем!” дешет адамдар. От да ошондой. Балким азыр биз жаккан от кыштактагы кээ бирине көрүнгөндүр. Балким алар бизди карап: “Карасаң тээтиги тоо арасын, күйгөн отту көрдүңбү?” дешкендир. Десе анда ошол биздин от! Биздин колдон күйгөн от. Көрдүңбү, от болуп, жарык кылган улуу иш. А биз жарык болуп, жарык кыла алаар бекенбиз десең, кийинчи, турмуштачы, көпкө болбосо да кээ биринечи?! Балким кыла алаарбыз! Ошондо балким ойлорубуз ушуга окшош болгондур. Ким билет? Кандай болсо да колубуздагы момпосуйдай ширин болчу, таттуу болчу ойлорубуз.
Ошондон аз өтпөй райондон атайын бөлүнгөн “КАвЗ” 685 деген “мурду бар автобус” менен “Кайдасың Алмата!” деген бойдон жөнөп кеттик. Алматынын “Медеосун” көрдүк. “Көк дөбөсүнө” чыгып, ошол жерден түшкүбүз келбей шаарды карап олтуруп таң атырдык. Базарына барып эркек балдар баарыбыз окшош кызыл футболка, ак кроссовка сатып алып кийип жүрдүк. Баягы тоодогу кыялыбызды аткарып Алматынын таттуу тортун алып, тойгончо жедик. Бул окуучулук өмүрүбүздөгү эң бактылуу күндөрдүн бири болуп жүрөктө калды.
Жеңишбек Эдигеев, журналсит
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн