Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:16
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Көк дептер: Эркиндикти Ак үй өзүнчө түшүнөт, эл өзүнчө түшүнөт

11.09.2021 16:26
1149
Көк дептер: Эркиндикти Ак үй өзүнчө түшүнөт, эл өзүнчө түшүнөт


Ант берип, Тууну өпкөндүн көбү качып жүрөт. Туулган жер топурагын өпкөндөр жүзү жарык басып жүрөт.

...

Акыркы поезд же акыркы автобустар – бул көбүнчө жөнөкөй расписание эмес ал – тагдырлар.

...

Мен бирөөнү сыйлагандан да ырахат алам. А сен бу жашоонун ырахаты эмнеде дейсиң баш катырып.

...

Ааламдашуу заманы бизди түндүк түштүккө, уруу-урууга эмес ватсапта группаларга бөлүп салды. Ааламдашуунун экинчи этабында бизди эмнелер күтүп жатты экен. Не болсо да тамырыңа, түпкүрүңө бекем бол, кыргызым!

...

Менин үйүм айылдын ээң башында а мектеп ээң этегинде болгон үчүн мен баардык классташтарымды көбүрөөк, тереңирээк таанып калдым деп ойлойм. Мектепке баратып, улам жолукканы менен көп нерсени сүйлөшүп барчубуз. Сабактан тарап келатып да ар бири менен кол алышып коштошчумун. Баарысын узатып коюп анан жолумда жалгыз калып алар жөнүндө ойлончумун. Эч болбоду дегенде алар, алардын баскан-турганы элесимде көбүрөөк калды.

...

Менин үйүм айылдын эң четинде болгон үчүн тоолорго ого бетер ынак болдум. Туруп эле тоону карап, уктаарда да тоону карап. Менде эмне жакшы сапат болгон болсо аларга тоонун таасири көп деп ойлойм.

...

Менин үйүм айылдын эң четинде, сай боюнда болгон үчүн оюма түркүн жомоктор келчү. Уктаар маалда сайдан чыгып мени көздөй шумдуктуудай жети баштуу жаныбарлар жылып келатчу… Мен ошондо коркконумдан төшөгүмө ого бетер башымды катаар элем.

...

Менин үйүм айылдын четинде болгон үчүн тоого бараткан атчандарды көп көрчүмүн. Бирде алар кыштакты сагынып шар бастырып келатышчу. Бирде алар тоо сагынып шар бастырып баратышчу.

...

Менин үйүм айылдын эң четинде болгон үчүн көпөлөктөрдү башкалардан тартындай кубалап кармап өстүм.

...

Менин үйүм айылдын эң четинде болгон үчүн ылдыйдагы күмбөздөрдү көп карадым. Күмбөздөр мага Атага байланыштуу сезилчү. Мен ошол үчүн өлүм жөнүндө өтө эрте ойлондум.

...

Менин үйүм айылдын эң четинде болгон үчүн үйгө келген кишинин баары көзүмө жакын көрүнчү. “Алыс жолго карабай атайын бизге келген тура” дечүмүн.

...

Көрсө, адам сырдашканды да сагынат экен. Бала кезде, жаштык кезде сырдашчулар көп болот. Жаш өткөн сайын сага ошол нерсе эң табылгыс нерсеге айланат экен. Кээде балдарым: “Сизге бир сыр айтайынбы, ыя?” деп келип калса жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй алдастап алам.



Жеңишбек Эдигеев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн