11-сентябрь, 2001.
Ошол күнү күндүз костюм-шымымдын бир жерин ийне жип менен тигип олтургам. Анткени ошондон 4 күндөн кийин (15-сентябрь) Чолпон экөөбүз баш кошуп, Кош-Дөбөнү көздөй алып кетмекмин. Иним Мараттын үйү. Маңдайымда телевизор коюлуп турган. Бир кезде эле теледен өзгөчө бир сөздөр, эмоциялар, кыйкырык-сүрөөн менин көңүлүмдү бурду. “Эмнени эле айтып атат?” деп телеге көңүл бөлүп карап калдым. Ошондо анан көрбөдүмбү, ошондо түшүнбөдүмбү, мына азыр Нью-Йоркто эмне алаамат болуп жатканын. Ошол саттарда бирөөсү саатына 790, экинчиси 590 чакырым ылдамдык менен эки учак келип, көз жоосун алган 110 кабаттуу эки мунарага тумшугун малып, ага түтпөгөн эки мунара кулап, ошол Бүткүл Дүйнөлүк соода борборуна караштуу жанындагы 47 кабаттуу (Building 7) имарат кошо кулап, эң кичүүсү 2 жашар, эң улуусу 80 жашар дээрлик 3 миң кишинин өмүрү кыйрап, дүйнөдө аскердик авиациясы эң күчтүү деген Америка өзү чак түштө айласын таппай, алаамат болуп жаткан экен… Ошол күндөн баштап Америка ойгонбодубу. Дүйнөдө саясаты кантсе да өзгөрбөдүбү. Ошол күндөн аз өтпөй “бул террористтик акт эмес, бул Америка өзүнүн атайын кызматынын кылганы” деп чыгышкан. Анысына бир тобу «тфу» деп жерге түкүргөн. Ооба, саясаты саясат менен бирок жер бетинде жашоо улана берген…
Ошондон 4 күн өтпөй биз 3 машинени жасалгалап алып Чолпон жашаган үйгө бардык. Ал даярданып турмак. Мен айткан убагымдан бир канча саат кеч бардым. Даярдык деген дайым ошондой эмеспи… Тепкич менен өйдө баратсак дубалдын бооруна, ар кайсы жерге “Жашасын Жеңиш менен Чолпон!”, “Жашасын сүйүү!”, “Көрүндүксүз кирбегиле!” дагы ж.б. тамашалуу ураан сөздөрдү кагазга жазып илип коюшуптур. Барсак эшик бек. Ичтен: “Көрүндүк бергиле, Жеңиш ырдап берсин анан эшикти ачабыз” дешип үйдүн ичинен Чолпондун курбулары шаңкылдап, тамашага алышты. Ал жерде журналист Жылдыз Мусабекова, Эльмара Турсуналиева да бар эле. Баса, биз менен фото-журналист Бакыт Асанбаев, Бакыт Букаев да бар. Эльмара менен Бакыт Букаев андан ары биз менен кошо айылга кетишмек. Ошентип сүйлөшкөнбүз. Бир кезде: “Ыя, Чолпон, кой эми уй саан болуп калды, айылга кетели” десем баарысы каткырышып эшик ачылып, баарыбыз чурулдап көрүшүп, үйдө олтуруп бир топко шаан-шөкөт кылып олтурдук. Бир кезде анан Чолпонду алып чыгып, Бишкекти аралап, сүрөткө түшүп, достор-жоролор менен көңүл ачып, андан ары айылды көздөй жол тартып кеткен элек.
Жеңишбек Эдигеев, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн