Бугу 14, 2024
Убакыт: 12:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Көк дептер: Студенттик күндөн бир элес

14.06.2021 11:37
1324
Көк дептер: Студенттик күндөн бир элес


1995-жыл. Январь айы. Группалаштарым Ильязова Айнура, Имайдинова Нилуфар, досторум Тобокелов Урмат, Исмаилов Бакыт болуп КМУнун 8-жатаканасынын Жибек-Жолу тарабынан аллея менен өтүп бараттык. Тапаныбыз калың кар, бак да кар, асман да кар. Жаңы жылдан кийинки маанай болуп аябай көңүлдүү элек. Тамаша сөздөр бүтпөй каткырабыз, күлөбүз. Бир кезде алдыбызда 4 аял киши, бир эркек киши болуп, эң башкысы алар дагы улам каткырык таштап шаңдуу баратышты. Ошону байкай койдум да, аларды көргөзүп: “Мен азыр барам дагы мобул четтегисин карга көмөм!” дедим. “Көмө албайсың!” дешти. “Сиз баштасаңыз мен да жардам берем” деди Нилуфар. “Кеттик анда!” дедим да билгизбей артынан барып четтегисин так көтөрүп алып тротуардан бакка өттүм, анан жерге акырын жыктым да, мойнуна кар салып кирдим. Жанындагылары бир саам түшүнбөй калышты дагы, тамаша экенин көрөөр замат алар дагы жабылып жолдошуна жардамга чуркашты. Арттагы биздикилер бизге жардамга келишти. Ошентип кар чачышмай башталды. “Ой силер кимсиңер?!” деп коюшуп, “А өзүңөр кимсиңер ха-ха-ха?” деп коюшуп бир топ “салгылаштык”. Анан барып бир топтон кийин тынч алып, кайра бири-бирибизге жардам берип, пальтобуздан кар күбүшүп, “Шумдук экенсиңер айланайы-ыын, жүрөгүбүз түшүп калбадыбы!” дешип, “Кечирип коюңуздар, тамашаладык” болушуп айтор таанышып кирдик. Көрсө, алар жалаң КТРК нын журналисттери экен.

Радиосундагылар. Мен көтөрүп барып жыккан айтылуу ырчы кызыбыз Лира Раимбекова болуп чыкты. Колунда калың капка салынган комузу бар экен. Жана комуз сынып калбаганы абийир болуптур. “Чоң адамдарды жыгып салган турбайбызбы, чоңго жыгылат экенбиз да” деп жаныбыздагы “комоктон” шампан алдык. Ырчыбыз Лира айым бизге ошол жерден 2-3 ыр ырдап берди. Бүгүнкү жакшы кеч үчүн биз дагы бир шампан аттыралы” деп берки байке бир шампан алды. Январдын суугуна карабай ошол жерде эки саат турдук. Кош айтышаарда “Эртең КТРКга келгиле” дешти. Эртеси аларга Айнура, Нилуфар болуп бардык. Багдагүл эже бизди бажырайып тосуп алды. “Кечээ тимеле шумдук окуя болду деп бүт коллективге айтып чыктык” деди эже жаркылдап күлүп. Иштеген жерин, студияларды кыдыртып чыгышты. Биз ошол бойдон көпкө-көпкө тааныш болуп калдык.

Жеңишбек Эдигеев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн