Жыл сайын кыш келгенде Бишкекте таза аба тыңкыс болуп, борбор калааны кара түтүн каптайт. Ага Бишкек ТЭЦтен, жаңы конуштардан чыккан түтүн менен унаалардын көптүгү негизги себеп катары айтылып келет. Акыркы кездери айрым чет элдик уюмдар биздин борборду абасы эң булганган шаарлардын сап башына чыгарды. Быйылкы жылы да бул көрүнүш уланууда.
“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин өз кабарчысы шаар сыртына чыгып учурдагы абалды сүрөткө, тасмага тартып келди. Аны сиздерге сунуш кылабыз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн