Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Коко Шанелден кыска цитаталар!

30.05.2024 14:18
331
Коко Шанелден кыска цитаталар!


· Эркектин жашоосунда бир гана аял болот. Калгандары бүт анын элестери.


· Мен тууралуу кандай ойдо экениңиз мени кызыктырбайт. Сиз тууралуу мен такыр эле ойлобойм.


· Сулуу эмес аял болбойт, жалкоо аялдар болот.


· Аял турмушка чыкканга чейин келечегин ойлойт. Эркек үйлөнгөнгө чейин келечегин ойлобойт.


· Колдор – кыздын визиттик карточкасы, моюн – паспорту, ал эми төшү – чет элдик паспорту.


· Менин кийингенимди көрүп баары күлүшчү. Бирок ичтеринен мендей кийингиси келгенин сезчүмүн. Мен элдин бири болгум келчү эмес.


· Өзүн башкалардан жогору койгон аялзаты гана косметика колдонбойт.


· Сулуу болуп жаркылдап-жайнап жүргүңүз келсе, эң алгач жандүйнөңүздөн баштаңыз.


· Аялзаты үчүн эң негизгиси – дайыма кыймылда болуу. Эринчээктик – аялдын келбетин да, жандүйнөсүн да бузат.


· Чыныгы сүйүү арзан турат. Эгер кымбат букет же унаа менен коштолсо, анда ал сүйүүнүн өмүрү кыска.


· Келесоо жана эч бир нерсеге жөндөмү жок эркектер гана аялдарды басмырлап, тоготпой турат.


   · Акчасынын кайтарымын официанттан күткөн эркекке турмушка чыкпагыла!  

Булак: "Азия Ньюс" гезити


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн