Көл-Төргө келген Түштүк Кореялык турист каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн саат 13:22 чамасында Чүй району Кегети капчыгайынын тоодо жайгашкан Көл-Төр көлүнө туристтер чыгышып, 1951-ж.т. L.J аттуу эркек киши (Түштүк Кореянын жараны) белгисиз себептер менен эс учун жоготуп алгандыгы тууралуу маалымат ӨКМнин 112 кызматына түшкөн.
Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу АКУ менен тартылып жансыз денени алып түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн