Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Колхоздоштурууну кайра калыбына келтирүүгө убакыт келген жокпу?

31.03.2021 14:19
968
Колхоздоштурууну кайра калыбына келтирүүгө убакыт келген жокпу?


Кыргызстан СССР кулагандан кийин өлкөнүн ички дүң продукциясы 12%га жакын берип турганда, айыл чарба тармагы өзүнүн экономикалык потенциалын сезилээрлик жоготуп, экономикалык өсүштүн токтошу тереңдеп кетти.


Ал эми айыл чарба тармагында жалпыга таанылган лидерлер: АКШ, Кытай, Япония, Германия, Индия, Франция, Россия сыяктуу өлкөлөр бул тармакта өзүнүн позициясын бербей келет жана мамлекеттин приоритеттүү милдети катары агрардык секторду өнүктүрүүнү караштырууну улантууда.

Биздин республика болсо 200 миң кв чакырым аймакты, жаплысынан 1,2 млн гектардан ашык айдоо жерлерине ээ болуп туруп, агып жаткан булактын өнүгүүсүнө жаңылыштык мамиле жасалып, колхоздун, совхоздун жоюлуусу менен өзүнүн жаркырап турган абалын жоготту.   

Биздин айыл чарба өндүрүшү төмөн түшүп, майда-чүйдө товар өндүрүү тармагына өтүп кетти. Негизинен майда фермердик чарбалар түзүп, анын абалы улуттук өндүрүш коопсуздугун камсыздай албай, айыл чарба продукциясын ички жана тышкы рынокто керектүү көлөмдөө өндүрө албай калды.

90-жылдардан кийин завод жана фабрикаларды, колхоз жана совхоздорду акылсыздык менен таратып жиберип, бирдиктүү товардык түйүндөрдү жана товар өткөрүүнүн сабаттуу түзүлгөн системасын жоюп салды жана биздин айыл чарба өзүнүн көйгөйү менен өзү жалгыз калып калды. Өз алдынча гана ийгиликтүү фермер жана айыл чарба ишкери болуп гана буттан турсаң болот. Мурдагы колхоздо, совхоздордо жана жергиликтүү ишканаларда эмгек кылгандардын көпчүлүгү кандайдыр бир деңгээлде өзүлөрүнүн үлүшүн алганы менен жумушсуз калышты.  

Ошол учурдагы өлкө жетекчилиги көпчүлүк жарандарыбыздын социалдык жагын жана кызыкчылыктарын эске алышпай, либералдык базар принциптерин шашылып жайылтып, “рыноктук чарбанын” социалдык аспектилерин тоготушкан эмес. Аны менен катар жөнөкөй адамдар тууралуу, алардын керектөөлөрү жөнүндө жазылган капитализмдин катуу мыйзамдарын да карашкан жок.

Так ошол капиталисттик мамлекеттерде, өзгөчө Германияда мамлекеттин агрардык секторунда терең ойлонуштурулган жана активдүү социалдык саясат жүрөт. Алардын моделин социалдык-рыноктук модель катары мүңөздөсө болот, себеби ал экономикалык өсүш менен байлыкты теңме-тең бөлүштүрүүнүн ортосунда өзүн компромисс катары алып жүрөт. Бул системанын борборунда коомчулуктун бардык өкүлдөрүнүн социалдык жыргалчылыгына бирдей бөлүштүрүүнү сактаган мамлекеттик бизнестик ишмердүүлүк жайгашкан.

Ошентсе дагы немистер акыркы убактарда өздөрүнүн маделин абдан сындашып, бул система олуттуу кемчиликтерди кетирип атканын, жогорку технологиялк өндүрүшкө жетишпей, өзүнүн эффективдүүлүгү акырындык менен өлкөнүн технологиялык алсыздыгын көргөзүп жатканын айтышат.

Биздин дыйкандардын мээнеттерин жана башка өлкөлөрдөн келген тажрыйбаларды көрүп мындай ойго келесиң: мамлекеттин жетекчилик ролу жок бизде айыл чарбаны көтөрө албайсың, болбосо айылдарда өндүрүштүн индустриалдык методдоруна жана интенсивдүүлүккө өтүүнү камсыз кылып, өндүрүштү топтоону, капиталды  жогорулатууну, базар шартындагы экономиканын талаптарын эске алып, таасирдүү жана заманбап агро өндүрүштүк комплекстер менен камсыз кылып бериши керек болчу.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын структуралык айыл чарбасы негизинен мал-чарба жана өсүмдүк өстүрүү түзөт. Муну менен катар агрардык иштеп чыгаруучу тармактарын өнүктүрүү тармагында өтө алсыз деңгээлде, ушул убакка чейин айылдарда ыйлай турган картинаны көрүүгө болот. Биздин дыйкандарда үрөндүн, минералдык жер семирткичтердин сапаты жок жана жогорку өндүрүштөгү айыл чарба мал өстүрүүгө дагы техника жок.  

Биздин айыл чарбанын бирден бир мүнөздүү жагы өзүнүн чарбасын өз күчү аркылуу тобокелчилик жана коркунуч менен жүргүзгөн майда өндүрүштөр болуп саналат. Мына ушул фактор жүз миңдеген элдер иштеп, өз үй-бүлөсүн багууга шарт түзүлө турган заманбап агроөнөржай комплексин курууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Бизде ушунун айынан айылдарда иштин жок болгондугуна байланыштуу көп жылдардан бери миграциянын тышка чыгуусу активдүү жүрүп, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна олуттуу коркунуч жарала баштады. Өкмөттү да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын дагы калктын өзү жашап турган жерлерин таштап кетип жаткандары кызыктырган жок.

Мамлекет айылдарга болгон мамилесин жана айыл экономикасына көңүл бөлүүнү өзгөрткүчө приоритеттүү колдоолорду, насыялоону жана айыл чарбаны каржылоону сезишпей, биздин рынок сапаттуу улуттук айыл чарба продукциясына толтурулбай жатат.

Каалайбызбы же каалабайбызбы, керек болсо бюджеттеги акчанын жетишсиздигине карабай агрардык тармактын мамлекеттик субсидийинин заманбап методдоруна өтүүбүз керек. Антпесе айыл чарбаны жөн гана жоготуп алып, келечекте эч жерде эч кимде иш жок болот. Заманбап технологиянын, гаджеттин жана шаарларда кенен мүмкүнчүлүктөрдүн шарттарында жаштарды айылдарга тартуу оор.

6,5 млн калкы бар Кыргызстан үчүн айдоого жетиштүү жерлери бар. Бизде өзүбүзгө пайдалуу болгудай кылып, кошуна өлкөлөрдү белгилүү өлчөмдө айыл чарба продукциясы менен камсыздай алмакпыз. Ага карабай Кыргызстан керек болсо өзүн азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен камсыздай албай, башка өлкөдөн ташып ичет. Бул биздин агрардык сектордун алсыздыгын жана атаандаштыкка туруштук бере албастыгын түшүндүрүп турат.

Өкүнүчтүүсү, биздин айылдар колхоз, совхоз тарагандан кийин кооперативдик потенциалын байкалаарлык жоготту. Буга байланыштуу кооперативдердин жаңы жана заманбап формаларын жаратуу зарыл, эгерде рыноктук колхоз, совхоздорун кааласаңыз, бул дыйкандардын жана ишкерлердин башын бириктирүүгө, алардын ишмердүүлүгүн жакшыртууга шарт түзөт. Мисалы, Германияда 2019-жылдагы абалын карасак, ар бир бешинчи тургун кооперативге кирген. Кооперативге дыйкандар, жөнөкөй жумушчулар, пенсионерлер жана кызмат кылган чиновниктерден бери катышат. Германиядагы кооперативдик кыймылдын жогорку деңгээли көп инвесторлорду тартууга, кооперативдин мүчөлөрүнө мамлекеттик колдоолордун ар кандай формаларын алууга шарт түзөт.

Кыргызстандын айыл чарбасынын мындан аркы стратегиясын өнүктүрүү үчүн дыйкандардын санын көбөйтүп, өндүрүштүн көлөмүн өстүрүүнүн эсебинен өлкөнүн ички дүң продукциясына карата дыйкандардын үлүшүн жылдан жылга азайтуу керек. Ошондуктан жаңы технологиялардын негизинде агрардык сектордун таасирдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө ушул азыр ойлонуу зарыл.    

Жыйынтыктап айтканда, айыл чарба биздин өлкөнүн калкынын 60% эли жашаган аймагынын маанилүү бөлүгүн ээлейт. Өкүнүчтүүсү, элдин көпчүлүк бөлүгү бул тармакта иштеп, жарды жана сезонго көз каранды болушуп, алардын социалдык аярлуу катмарынын көбөйүүсүнө алып келүүдө. Андыктан, айылдарды индустриалаштыруу жолу аркылуу иш менен камсыздоону туруктуу жана жыл бою уштуруу өтө маанилүү.   

Дүйнөдө айыл чарбаны эффективдүү кармап турууга жөндөмдүү өлкөлөр көп эмес, бирок кайсы мамлекет болбосун агрардык сектор улуттук мамлекеттүүлүктүн негизги түркүгү болуп эсептелет.


Автор: Авазбек Атаханов

АКИpress агенттигинен кыргызчаланды 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн