Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалында япониялык Ами Ишиге жеңилип калды.
Жуманазарова 68 кг салмакта мелдештин чейрек финалында кореялык балбанды 10:0 эсебинде утуп, жарым финалда 6:2 эсебинде утулду.
Эми Мээрим Жуманазарова казакстандык спортчу менен коло медаль үчүн күрөшөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн