Түштүк Америкадагы Колумбия өлкөсүндө нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында 45 адам болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка таянсак, токтобой жааган жамгырдын себебинен дарыя, каналдардан суу ашып, тоолордон сел жүргөн. Кырсыктан 45 адам каза болуп, 3 адам дайынсыз жоголгон дагы 23 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.
Кырсыктын материалдык чыгымдары изилденип жатат.
Өлкөнүн синоптиктери мындай жамгыр дагы уланарын эскертип, калкты коопсуз аймактарда болууга чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн