Өлкөгө коменданттык саат киргенден бери жалпы 2705 киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү дагы 74 адам кармалып, 10 автоунаа атайын жайларга токтотулган.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча – 59;
Жалал-Абад шаары боюнча – 4;
Ош шаары боюнча - 2;
Нарын шаары боюнча - 6;
Кара-Суу району боюнча -2;
Сузак району боюнча – 1.
Ал эми, Ноокат жана Ат-башы райондорунда тартип бузуулар катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн