Республикада көмүрдүн баасы дээрлик 20 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча 2021-жылдын 28-октябрына карата өткөн жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда бир тонна үчүн 5 306,7 сомго же 19,7 пайызга жогорулады.
Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 9 794,9 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 9 524,4 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 642,9 сом) шаарларында катталды.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 000 сом) жана Нарын шаарында (бир тонна үчүн – 4 200 сом) болгону байкалды.
Көмүргө карата баалар өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербенде - тоннасы 4 076,4 сомго же 2 эсеге, Баткенде - тоннасы 2 886,3 сомго же 43,5 пайызга жана Жалал-Абад шаарларында - тоннасы 1 875,9 сомго же 39,4 пайызга өсүшү белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн