Райондук акимчиликтер көмүр сатуучу жайларды текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Күз-кыш мезгилинде катуу отундун чекене соодасындагы баанын өсүшүнө жол бербөө максатында сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул жолу Биринчи май жана Свердлов райондорунун базалары текшерилди: Щербакова көчөсү 121, Кызыл-Кийская көчөсү 170, Махатма Ганди 201 (Азиз базары), Ак-Босого конушундагы Месарош көчөсү, ошондой эле айланма жол.
Ошондой эле көмүрдүн запасы жетиштүү экени аныкталды.
Белгилей кетсек, иш-чаралар КРнын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн