Бирдин айы 13, 2025
Убакыт: 19:50
USD
87.30
87.80
EUR
90.80
91.80
RUB
0.940
0.990

Конституциялык сот мэриянын Ататүрк паркынын жерлерин кайтарып алуу чечимин мыйзамдуу деп тапты

13.02.2025 16:01
33
Конституциялык сот мэриянын Ататүрк паркынын жерлерин кайтарып алуу чечимин мыйзамдуу деп тапты


Конституциялык сот мэриянын Ататүрк паркынын жерлерин кайтарып алуу чечимин мыйзамдуу деп тапты.


Мэриядан билдиришкендей, Конституциялык соттун чечими менен Бишкек мэриясы тарабынан "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгүнө таянуу менен кабыл алынган токтом Баш мыйзамга каршы келбейт жана мыйзамдуу деп табылды .


Сот өз чечиминде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына натыйжалуу башкаруу үчүн жетиштүү ыйгарым укуктар, анын ичинде өз актыларын жокко чыгаруу укугу бар экенин баса белгиледи.


Белгиленгендей, соттук териштирүү аталган чечимдин мыйзамдуулугун аныктап жаткан Самат Матцаков менен Курманбек Осмоновдун өтүнүчү менен козголгон.


"Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында иш алып барат жана коомдук жайларда мыйзамсыз пайдаланылган жер тилкелерин кайтарып берүү боюнча иштерди улантат",-деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн