Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңешке берилди. Мындай пикирин Бекбосун Бөрүбашев билдирди.
Ал Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга коёбу жокпу аны билбей турганын айтты.
"Бул депутаттардан көз каранды. Долбоорду референдумга жиберүүдөн мурун КПнын судьяларына өткөрүп берүүгө милдеттендирген мыйзамда эч кандай жобо жок. Авторлор тарабынан өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган вариантын биротоло иштеп чыктык, эми эл өкүлдөрү референдумдун күнүн белгилеши керек», - деди Бекбосун Бөрүбашов.
Буга чейин Акылбек Жапаров жаңы долбоорду коомдук талкууга коюунун кереги жок экенин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн