Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Конституциянын жаңы үлгүсү - "жиндичиликтин" анык үлгүсү

09.02.2021 15:05
723
Конституциянын жаңы үлгүсү - "жиндичиликтин" анык үлгүсү
Мындан 4 жыл мурда Өлкөнү "жиндичиликтен" коргоо зарылчылыгы жөнүндө узун сабак макала жазып, "Политклиника" гезитинин 17 санына катары менен басылып, чоң талкуу жараткан... Учурда бул тема ого бетер учурлаш болуп бара жаткандай, анткени жаңы Конституцияга берилип жаткан сунуштардын бир тобу акылга сыйбайт, же түшүнбөстүктөн жасалып жатканын, болбосо атайын эле "жиндичиликке" салып өлкөбүздү жардан алыс кулатууга аракет болуп жатабы... түшүнбөйсүң...

Ошондой дени-карды соо адамдын башына келбей турган сунуштардын бири - бул Өкмөт башчысы бир эле мезгилде Президенттин администрациясынын да башчысы болот - дегени...
Бул сунуш башкаруу тартиби жагынан алганда акылга сыйбай турган нерсе, жогоруда сөз кылынган "жиндичиликтин" нукура үлгүсү.

Ички табийгаты, аткаруучу милдеттери жана жоопкерчилиги ар башка, бири-бирине карама-каршы келген кызматтарды кантип, кандай шартта бириктиргилери келип жатканы түшүнүксүз. Анткени Өкмөт башчысы - бул жогорку саясий кызмат, Өкмөттүн ишин уюштурат, анын натыйжалуулугуна жооп берет, чечимдерди кабыл алат, социалдык жана экономикалык саясаттын калыптаныша, ишке ашышына жоопкерчиликти моюнга алат. Ал эми Администрация башчысы - Президенттин ишин уюштуруп, эксперттик-аналитикалык материалдар менен камсыз кылып, ал сүйлөй турган сөздү, кол койо турган документтерди даярдап, дагы башка тапшырма алып буту-бутуна тийбей чуркап жүрүшү керек. Бир эле адам бир убактытта ушу эки башка ролду аткара алабы, эки башка ишти аркалай алабы? Элестетиш кыйын аткара турганын. Же түшкө чейин Өкмөттүн ишин, түштөн кийин Президенттин тапшырмаларын аткарабы?

Президенттин Администрациясын бир аз убакыт болсо дагы башкарып калган, ал жердеги иштин күнгөй-тескейин билип калган киши катары жазып жатам бул пикирди, ошон үчүн "жиндичилик" деп жатам.
Менин жеке оюмда мындай "бөйрөктөн шыйрак чыгарган" сунуштардын башкы максаты ишти оңдоо, алдыга карай жылдыруу эмес...

Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн