Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов социалдык тармактарда тараган видео боюнча түшүндүрмө берди.
Данияр Жаныкулов ал видео бир жыл мурдагы эски видео экенин жана Кудай алдында ант ичип, пара албаганын билдирди.
"Бул видео тараган мурда мага балдардан телефонума келип түштү.
Видео менин эски кабинетимде тартылган. Ошол кезде мен мен бутумду кокустатып алганмын. Видеодо да балтак турат.
Биринчи кирген киши ооруканада жатканымда кабар ала албай калганын айтып, чай ичип коюмду суранган. Ошондой эле бир иштер боюнча жардам сураганда мен карап көрөбүз дегем.
Ал эми конверттин ичиндегю пара болгон эмес, кайрылуулар болгон. Мына азыр да андай конверт толтура",- деди Жаныкулов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн