Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коомдук бирикме Баткенге жасалма дем алдыруучу аппарат берди (фото)

01.04.2020 17:52
1105
Коомдук бирикме Баткенге жасалма дем алдыруучу аппарат берди (фото)


“Ассафа борбору” Коомдук бирикмеси Баткен облусуна өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуу алып берди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, медициналык жабдуунун баасы 23 миң долларды түзөт. Аппарат облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө орнотулган.


Ошондой эле маалыматта буга чейин бейтапканада көп жылдан бери иштетилип келген 9 аппарат бар экени, жаңы орнотулган заманбап жабдуу, оорукананын материалдык техникалык базасын чыңдоого зор салым болгону айтылат.


Мындан сырткары, коомдук бирикме дарыгерлер үчүн 150 миң сомго көп жолу колдонулуучу 30 комплект коргонуучу кажататтарды, 400 миң сомго Баткен шаарындагы социалдык шаарчада жашаган 106 үй бүлөгө азык түлүк жана гигиеналык каражаттарды жардам катары беришкенин кабарлашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн