Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:06
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Коомдук тамактануучу жайларда Ветеринардык кызмат текшерүү жүргүзүүдө

12.10.2023 13:31
228
Коомдук тамактануучу жайларда Ветеринардык кызмат текшерүү жүргүзүүдө


Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана борбордогу коомдук тамактануу жайларында жарандардын массалык уулануусуна байланыштуу Ветеринардык кызмат Бишкек шаарында жана Чүй облусунда текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, 109 субъектиге пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү Экономика министрлиги менен макулдашылган.


«Бүгүнкү күндө 83 субъект текшерилди, анын 60ы Бишкек шаарында, 23ү Чүй облусунда», — деп билдирди ведомстводон.


Текшерилген субъектилер тарабынан ветеринардык-санитардык талаптарды сактабаганы үчүн жалпы суммасы 108 миң 500 сом айып салынган.


«Мындан тышкары, республика боюнча 350 субъектке мониторинг жүргүзүлүп, эт азыктарынын үлгүлөрү алынып, Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна өткөрүлүп берилди», - деп кошумчалады Айыл чарба министрлиги.


Эскерте кетсек, октябрь айынын башында Бишкекте 71 адам ууланып ооруканага кайрылган. Табылган мыйзам бузуулар үчүн тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, алар жоюлганга чейин жабылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн