Аяк оона 27, 2024
Убакыт: 22:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көчөлөргө орнотулган видеокамералардын 90 пайызы иштебейт, - депутат

27.05.2024 17:51
152
“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көчөлөргө орнотулган видеокамералардын 90 пайызы иштебейт, - депутат


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көчөлөргө орнотулган видеокамералардын 90 пайызы эмне үчүн иштебей жатканын сурады.


«Буга чейин соттук маселелер бар деп айттыңыз. Бирок башка да маанилуу көйгөйлөрдү чечип жатышпайбы. Эмне үчүн алар муну чече алышпайт?" — деп сурады эл депутаты.


Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов соттук териштирүүлөр жүрүп жатканын, адвокаттар маселени чечип жатканын айтты.


«Укуктук маселелер көп. Кытай тараптын токтоп турганы үчүн көп карызы бар, талаштуу маселелер бар, бул маселе күздүн аягына чейин чечилиши керек», - деп белгиледи министрдин орун басары.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн